Курулуш министрлиги: 2026-жылга коюлган негизги пландар
Новость

Бүгүн, 4-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегиялык жыйында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 2026-жылы аткарылуучу негизги иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулат. Сауд өнүктүрүү фондуна карата Бишкек шаарында 5 жаңы мектеп жана 7 окуу корпусу, ошондой эле Чүй облусунда 2 мектеп куруу пландалган. Мындан тышкары, мурда башталган социалдык объектилер толук бүткөрүлөт.

Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында филиалдарды ачуу, ондоп-түзүү жана курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда. 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Талас шаарында “Баластан” балдар борбору курулуп, “Манас Ордо” улуттук комплекси жана “Чыңгыз Ааламы” тарыхый-маданий комплекси реконструкцияланат.

Курулуш тармагында санариптештирүү да улантылат: лицензиялоо, сертификациялоо жана шаар куруу кызматтары толук электрондук форматка өткөрүлөт. Автоматташтырылган геомаалыматтык системалар жана шаар куруу долбоорлору ишке киргизилет.

2026-жылы заманбап административдик имараттар жана техникалык базалар курулуп, курулуш материалдарын сыноо жана сапатты көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет. Мамлекеттик экспертиза жана архитектура-курулуш контролду күчөтүү, мыйзамсыз курулуш объекттеринин санын азайтуу максатында иш-чаралар көрүлөт.

Бул пландар курулуш тармагында сапаттуу жана ыкчам социалдык жана административдик объекттерди түзүүгө багытталган.