Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-пакистан соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти. Эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү аркылуу товар жүгүртүүнү 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү ниети айтылды.
Ошондой эле айыл чарба продукциясын жеткирүү, текстиль өнөр жайын өнүктүрүү, соода үйлөрүн түзүү жана логистикалык каттамдарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынтыгында тараптар биргелешкен ишти активдүү улантууну макулдашышты.