Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 304-чакырымындагы Кара-Үңкүр тилкесинде кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик жолдун абалы тууралуу дагы кошумча маалымат берилерин айтты.