Учурда кийим экспорту боюнча 740 ишкер атайын окутуудан өттү. Бул тууралуу Кабар агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргыз Экспорт борборунун директору Урмат Такиров билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы Экономика жана коммерция министрлигинин тапшырмасы менен тигүү тармагын колдоо максатында ыкчам штаб түзүлгөн. Мындай чечим Россия, Казакстан жана Кыргызстан аркылуу кирген товарларга өзгөчө тартип киргизилип, экспортто кыйынчылыктар жаралганына байланыштуу кабыл алынган.
Ыкчам штаб ишкерлерге экспорттук жол-жоболор боюнча кеңеш берип, семинарларды уюштурууда. Буга чейин Бишкекте 11, Ош облусунда 2 семинар өткөрүлүп, жалпысынан 740 адам катышкан.
Окутууларга сертификация, бажы жана салык органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле “Честный знак” системасынын Кыргызстандагы оператору — “Текшер” долбоорунун өкүлдөрү жана маркетплейс адистери катышууда.