Балбан кыз Нурзат Нуртаева дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга чыкты
Новость

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Албанияда өткөн рейтингдик турнирдин жыйынтыгы боюнча жаңыланган дүйнөлүк рейтингди жарыялады. Анда кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева 72 кг салмак категориясында ийгиликтүү чыгып, күмүш медаль жеңип алды. 

Бул жыйынтык кыргыз балбанынын дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлүшүнө жол ачты.