Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-чакырымында дагы эки жолу кар көчкү түштү. Бул тууралуу №41-Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Нургазы Дөөлөтов билдирди.
Анын айтымында, көчкү жолдун 292-чакырымында эки тилкеден жүргөн.Бири унаа жолго жеткен эмес, бири жолдун жарымын жаап калган. Жалпы 1650 метр куб кар көчкү ишкананын эки техникасы менен тазаланып, каттам калыбына келтирилген. Учурда аталган ишкананын жолчуларыкүнү-түнү жолдогу карды тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу иштерин жүргүзүшүүдө.
Ал эми “Долон” кар көчкү станциясынын башчысы Нурбек Исабаев күн жылуу болуп жаткандыктан Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 294-307-чакырымга чейинки аралыгында кар көчкү түшүү кооптуулугу бар экенин билдирди. Кооптуу тилкелер метеорологдордун көзөмөлүндө болууда.


