Бүгүн, 6-мартта Нарын шаардык кеңешинин кезектеги ХХII сессиясы өттү. Анда негизги маселе катары Нарын шаарынын киреше-чыгаша бөлүгү талкууланып, 2026-жылдын бюджети 350 миллион 522 миң сом менен бекиди. Бул каражат өткөн жылга салыштырмалуу 79 миллион 603 миң сомго көп.
Алгач Нарын регионалдык финансы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Айты Кеңешова өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы, 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Анын айтуусунда, жергиликтүү бюджеттин 87,8 пайызы жер, кыймылсыз мүлк, киреше жана патенттен алынуучу салыктан түшөт. Ал эми 12.2 пайызы салыктык эмес жыйымдардан топтолот.
Жаңы бекиген жергиликтүү бюджеттин 74 миллион 116 миң сому билим берүү тармагына, 28 миллион 11 миң сому маданият жана спорт тармагына, 36 миллион 419 миң сому мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагына, 147 миллион 395 мин сому турак жай жана коммуналдык кызматтарга, 63 миллион 580 миң сому экономикалык маселелерге кирбеген чыгашаларга жана бир миллион сому социалдык жеңилдиктерди алууга укугу бар адамдарды колдоого жумшалат.
Ал эми өткөн жылдын бюджетинен калган 48 миллион сом тротуар салуу, ирригация тутумун жакшыртуу, жарыктандыруу, видеокамера орнотуу, Нарын суунун жээгине аллея салуу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат.