Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аялдар жамааты менен салтанаттуу жолугушуу өткөрүп, аларды келе жаткан Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады.
МинКаб башчысы өз сөзүндө бул майрам аялга болгон урмат-сый маданиятына терең тамырлаганын, ал ар дайым кыргыз коомунун негизи болуп келгенин баса белгиледи.
Ошондой эле ал мамлекеттин гендердик тең салмактуулукту чыңдоо боюнча стратегиялык кадамдарын эске салды. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 20-февралындагы мамлекеттик башкаруу системасында жаңы стандарттарды бекиткен жарлыгы эң маанилүү этап болуп калды.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы Администрациянын бир катар кызматкерлерин өзгөчө белгилеп, алардын көп жылдык тажрыйбасы жана кынтыксыз кызматы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал аялдардын интуициясы жана профессионализми мамлекеттик аппараттын ишинде ишенимдүү таяныч болуп кала берерине ишенимин билдирди.
Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Кыргызстандын бардык аялдарына бекем ден соолук, жазгы маанай, түгөнгүс күч-кубат жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.




