15-мартта Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу өзүнүн карамагындагы аймактардагы мекендештерди ооз ачуу иш-чарасына (ифтар) чакырат.
Бул иш-чара чет өлкөдө жүргөн мекендештердин башын кошуп, ынтымагын бекемдеп, өз ара баарлашуусуна жана биримдигин чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Ошондой эле иш-чарага Кыргызстандын диний ишмери Абдишүкүр ажы Нарматов катышып, руханий насаат айтып, ыйман сабагы болот.
Башкы консулдук ооз ачуу дасторконуна келип, бул куттуу кечени мекендештер менен бирге өткөрүүгө чакырат. Орундар чектелүү болгондугуна байланыштуу, катышууңуздарды алдын ала тастыктап төмөнкү номерге чалып же жазып коюуну өтүнөт +90 536 882 78 14.