Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлерин Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган кабыл алды
Новость

7-мартта Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынына катышуунун алкагында ТМУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин Түркия Республикасынын Президенти Р.Т.Эрдоган кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Түркиянын Президенти ТМУ тышкы иштер министрлерин жылуу кабыл алып, түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты андан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун атынан жылуу саламдарды жана эң жакшы каалоолорду жеткирди. Ал Түркия Кыргызстандын эң маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин, аны менен достук, өз ара урматтоо жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелер сакталып келаткандыгын белгиледи.

Министр ошондой эле Президент Р.Т.Эрдогандын ар кандай аймактык жана глобалдык чыр-чатактарды дипломатиялык жол менен чечүү боюнча тынчтык демилгелерин алга жылдырууга кошкон жеке салымын жогору баалады.

Кыргыстандын тышкы иштер министри ошондой эле ушул жылы Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин тастыкташты.

3.jfif 175.92 KB