Министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынына катышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Жээнбек Кулубаев 7-мартта Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынына катышты. 

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө тышкы саясий мекемелердин башчылары аймактык жана глобалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде Жакынкы Чыгышта уланып жаткан чыңалууга, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Ж.Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы аймакта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирип, дароо ок атышууну токтотууга, тараптарды сабырдуулукка чакырып, жаңжалдарды эл аралык укуктун нормаларына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жалаң гана тынчтык жана дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга чакырды. Ошондой эле мындан аркы туруксуздашууну болтурбоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Министрдин сөзүндө Афганистандагы жана Пакистан – Афганистан чек арасындагы кырдаалга өзүнчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап аймактык коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү фактору катары тынч, туруктуу жана гүлдөп өнүккөн Афганистанга кызыкдар экенин дагы бир жолу тастыктады.

Санкциялар темасы талкууланган учурда бир тараптуу чектөө чаралары дүйнөлүк соодага жана экономикалык байланыштардын туруктуулугуна терс таасирин тийгизери белгиленди. Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун принциптерин сактоонун зарылдыгын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алкагынан тышкары бир тараптуу чараларды колдонууга жол берилбеши керектигин баса белгиледи.

Тышкы иштер министрлери ошондой эле ТМУ+ форматындагы кызматташууну институтташтыруу жана тышкы өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында ТМУга мүчө мамлекеттер түрк мейкиндигинде туруктуулукту, туруктуу өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү камсыз кылуу максатында ишенимди, тилектештикти жана аракеттерди координациялоону мындан ары да чыңдоого жалпы умтулуусун ырасташты.

ТМУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынтыгында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.