Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунда жана Бишкекте эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду баштады.
Долбоор малды семиртүүдөн тартып, кайра иштетүү жана сатууга чейинки толук чынжырды камтыйт. Фермерлерге жылдык 3% менен 60 айга чейин (12 ай жеңилдик мөөнөтү менен) жеңилдетилген насыя берилет.
Жалпы каржылоо — 1,5 млрд сом. Долбоор Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу ишке ашат.