Кашка-Баш айылындагы №84 мектепке 750 орундуу кошумча корпус курулууда
Новость

7-8-март  күндөрү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин курулуш этабы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын бири Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылындагы №84 мектепке өзүнчө 750 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Башкы планга ылайык, мектеп 3 кабаттуу имарат болуп курулат. Долбоордо билим берүү үчүн бардык шарттар каралып, мектеп 1500 окуучуну кабыл алууга ылайыкталып пландалган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери этап-этабы менен кызуу журүп жатат.

Министр курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана белгиленген графиктен кечиктирбөө талабын койду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп курулуп жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.