Министр Жээнбек Кулубаев Стамбул шаарындагы КР Башкы консулдугуна барды
Новость

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-мартта Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна барды. 

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана консулдуктун кызматкерлери катышты. 

Министр консулдуктун имаратында жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен таанышып, жарандарга сапаттуу жана ыңгайлуу консулдук кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты. 

Сапардын алкагында министр Башкы консулдуктун имаратында мекеменин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. 

Өз сөзүндө министр консулдуктун негизги милдети Түркиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо экенин белгиледи. 

Ошону менен катар ал консулдук мекемелер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө да салым кошуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстанга инвестиция тартуу багытында жигердүү иш алып баруусу маанилүү экенин белгиледи.