Өлкөнүн беш жогорку окуу жайында изилдөө жана инновация борборлору түзүлөт
Новость

Кыргызстанда беш жогорку окуу жайдын базасында изилдөө жана инновациялар борборлору түзүлөт. Бул тууралуу Кабар улуттук маалымат агенттиги өткөргөн маалымат жыйынында министрдин орун басары Дурус Козуев билдирди.

Анын айтымында, борборлор Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ош мамлекеттик университети, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында ачылат.

Борборлордо заманбап лабораториялар түзүлүп, жаңы билим берүү программалары иштелип чыгып, эл аралык кызматташтык жана санариптик технологиялар өнүктүрүлөт.