Сокулуктагы асыл тукум заводун реконструкциялоо пландалууда
Новость

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Сокулук районундагы мамлекеттик асыл тукум заводунун иши менен таанышты.

Маалыматка ылайык, биолабораторияда ири мүйүздүү малдын генетикалык сапатын жакшыртуу, жасалма уруктандырууну өнүктүрүү жана аймактардагы техникалык уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министр мал чарбасында санга эмес, сапатка басым жасоо керектигин белгилеп, ата мекендик жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты. Ошондой эле ишкананын жетекчилигине объектти толук реконструкциялоо боюнча сметалык долбоор даярдоо тапшырылды.