Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев порнографиялык мүнөздөгү контент камтыган сайттардын жана алардын баракчаларынын ишин токтотуу жана чектөө тартибин бекитти.
Документ "Кыргыз Республикасынын интернет аймагында порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга жеткиликтүүлүктү токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Бул мыйзам жарандарды, анын ичинде жашы жете электерди жол берилгис контенттен коргоо, интернеттеги коомдук адеп-ахлакты сактоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.