Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин курулуш этабы менен таанышты.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, министр 7-8-март күндөрү борбор калаада курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин дагы да жандандыруу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген графиктен кечиктирбөө талабын койду.
Алсак, Алыкулов 1 дарегинде жайгашкан №42 мектептин кошумча 380 орундуу (кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) окуу корпусу курулууда. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери аяктап крулуштун кийинки этабы башталуу алдында турат. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп курулуп жатат.


