Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаарындагы №39 орто мектеп ири реконструкция жана капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мугалимдер жана окуучулар катышты.
1200 окуучуга ылайыкташкан бул мектепте үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, китепкана жана спорт залы толугу менен жаңыланды. Жалпы аянты 6 580 чарчы метрди түзгөн имараттын ичинде жылытуу, суу менен камсыздоо жана жарыктандыруу системалары толук алмаштырылып, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Курулуш иштеринде мектептин ичи гана эмес, анын сырткы инфраструктурасына да өзгөчө көңүл бурулду. Мектептин аймагында эл аралык стандарттарга жооп берген футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулду. Ошондой эле балдар жана чоңдор үчүн атайын спорттук зоналар түзүлүп, мектеп чыныгы ден соолукту чыңдоонун борборуна айланды.
Долбоор министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылды.
Белгилей кетсек, аталган мектептин биринчи окуу корпусу 1961-жылы, ал эми экинчиси 1984-жылы курулуп, андан бери мындай ири жаңылоодон өткөрүлгөн эмес.

