Мамлекеттик квалификациялык сертификатты алуу эми онлайн жеткиликтүү
Новость

Алгач “Түндүк” тиркемеси аркылуу булуттук электрондук кол тамганы алуу, андан соң license.minstroy.kg системасына катталып, жеке кабинетиңизге диплом жана эмгек китепчесинин PDF форматындагы көчүрмөлөрүн жүктөө керек.

Документтер текшерилгенден кийин тестирлөөгө жазылып, 248 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик кызматтын акысын төлөөгө болот.  Андан соң тестирлөөнүн датасы жана убактысы жеке кабинетте көрсөтүлөт.

Тестирлөөдөн өтүү үчүн атайын белгиленген күнү Курулуш министрлигине келүү зарыл. Тестирлөө ийгиликтүү тапшырылган соң мамлекеттик квалификациялык сертификат онлайн берилет.