Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жаңыланган имаратта ишин улантат
Новость

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун имараты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бардык эмеректери жаңыланды.

Мындан ары жарандарга сапаттуу жана ыңгайлуу консулдук кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөн шарттар кыйла жакшыртылды. Ошондой эле энелер жана балдар үчүн атайын бөлмө да уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри консулдукка келип, жүргүзүлгөн иштер менен таанышып, консулдуктун ишмердүүлүгүнө оң баа берди жана мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилеп кетсек, имарат акыркы жолу 2014-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, бул жолку ремонт иштерине кеткен бардык чыгымдар мамлекеттик бюджетке күч келтирбестен, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобековдун демилгеси менен демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен каржыланды.