Бүгүн таңкы саат 06:50дɵ Бишкек – Ош унаа жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда бардык унаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабык. № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.
Кошумча маалымат берилет.