Бишкек: №55 мектепке 1200 орундуу жаңы окуу корпусу курулуп жатат
Новость

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин курулуш этабы менен таанышып, жеке көзмөлүнө алууда.

Алардын бири борбор калаанын Гагарин көчөсү, 166 дарегинде курулуп жаткан 1200 орундуу окуу корпусу. Бул объект №55 мектепке кошумча салынып жаткан окуу корпусу болуп саналат. Бүгүнкү күндө курулуш объектисинде пайдубал кую иштери активдүү жүрүп жатат.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, аткарылып жаткан ар бир этаптын сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп курулуп жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.