Нарын шаарын көрктөндүрүү жумуштары быйыл май айында башталат. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттин колдоосу менен Чек ара аскер бөлүгүнүн каралбай калган күнөсканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, учурда гүлдүн уругу отургузулуп көчөтү даярдалууда. Ага 170 миң сом бөлүнүп Нарын шаарынын климаттык шартына туура келген алты түрлүү петуния гүлүнүн 32 миң уругу жана дарысы сатылып алынган.
Гүлдү уругунан баштап өстүрүү ыкмасын Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын эки жумушчусу Каракол шаарына барып үйрөнүп келишкен.
Өткөн жылы калаанын көрктөндүрүүсү үчүн гүл көчөттөрүн сатып алууга 710 миң сом каражат жумшалган. Эми ишкананын карамагына алынган үч күнөсканага 50 миндей гүлдүн көчөтүн даярдоого болот. Алдыда роза жана жоогазын өстүрүү да пландалып жатат. Бул шаардын муктаждыгын жаап, андан тышкары райондорго сатыкка чыгарууга болот.


