Чүй: Аламүдүн районунда уруксатсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды
Новость

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Чүй облусунун Аламүдүн районундагы курулуш объектилери боюнча пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Текшерүүгө Байтик Баатыр айыл аймагынын №312, 314, 324 жана 326 контурларында курулуп жаткан бетон заводу тууралуу түшкөн маалымат негиз болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бетон түйүнүнүн курулушу боюнча бекитилген долбоордук документация, курулушка уруксат берүүчү документ, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен зарыл болгон макулдашуулар жок экени аныкталды.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзуп жаткан “Бишкек Инвестмент Групп” ЖЧКсына карата административдик чаралар колдонулуп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, аныкталган бетон түйүнүн эксплуатациялоо иштери мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, бардык тиешелүү уруксат берүүчү документтер мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболоштурулганга чейин токтотулду.

Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги курулуш иштерин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү- коопсуздукту камсыздоонун жана тармактагы тартипти сактоонун негизги шарттарынын бири болуп саналарын эскертет.