Эгемендик күнүнө карата “Кочкор” станциясы ачылат
Новость

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Балыкчы–Кочкор темир жолундагы "Кочкор" станциясын ачуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов "Биринчи радиодо"  берген маегинде билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы күндө Сары-Чат постунан Теңдик айылына чейинки 25 чакырымда жана  “Кочкор” станциясында курулуштар жүрүүдө. Сары-Чат постуна чейин чарбалык поездер менен курулуш материалдары ташылууда. 
"Президент Садыр Жапаров белгилегендей, акыркы 30 жылда бир метр да темир жол салынган эмес. Долбоор ушул жылы бүтөт. Буюрса, Эгемендүүлүк күнүнө карата  Балыкчы–Кочкор линиясындагы "Кочкор" станциясын ачууну пландап жатабыз. Ошондо расмий поезд “Кочкор” станциясына чейин келет. Бул  “Кыргыз темир жолу” ишканасынын биринчи жетишкендиги болот”,-деди ал.
Балыкчы-Кочкор темир жолун  жалпы узундугу 63.8 чакырым. Долбоор 2022-жылы башталган. Ал эми экинчи этабы Кочкор-Кара-Кече темир жолу. Анын техникалык-экономикалык негиздемеси жана жолдун негизги багыттарын даярдоо боюнча жумуштары жүрүүдө. Үчүнчү этабында темр жол Макмал аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна кошулуп, түндүк-түштүк темир жолу түзүлөт.