Кечээ, 12-мартта “Газпром” Ден соолукту чындоо спорт комплексинде Жогорку окуу жайлар арасында уюштурулган Универсиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясынын директорунун орун басары Нурлан Тойчубеков, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана студенттер катышты.
Мелдеш Жогорку лига жана I лига форматында уюштурулуп, студенттер спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат.
1,2,3-орунду ээлеген командалар тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана кубоктор менен сыйланышат.




