Бишкекте коомдук транспортто рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эми жарандар автобуста накталай төлөм кылса, сөзсүз талон алышы керек. Эгер талон албаса – 1000 сом айып пул салынат. Ал эми накталай эмес төлөм болсо, электрондук ырастоону сактап коюу абзел.
Рейддин негизги максаты – коомдук транспортто тартипти сактоо жана жүргүнчүлөрдүн коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу.