Соңку учурда жарандардын тез татым, коомдук тамактануучу жайлардан жана кышкы салаттардан ууланган учурлары көбөйүп жатат.
Акыркы окуялардын биринде Бишкектеги "Buffet" ашканасынан тамак жегенден кийин 21 адам ооруканага кайрылган. Бул факты боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат.
Мындан мурда да «Даамдуу» тез татым жайынан тамактан кийин 23 адам ууланып, медициналык жардамга кайрылган.
Дарыгерлер жарандарды төмөнкү эрежелерди сактоого чакырат:
1. Тамак-аштын сактоо мөөнөтүнө көңүл буруу
2. Коомдук жайларда тамактанууда тазалыкка маани берүү
3. Бузулган же шектүү тамактарды жебөө
4. Үй шартында даярдалган кышкы салаттарды туура сактоо
Адистердин айтымында, тамак-ашка уулануу кузуу же ич өтүү менен эле чектелбейт. Эгерде убагында жардам көрсөтүлбөсө адам өмүрүнө олуттуу зыян алып келет.