Кыргыз эл жазуучусу, публицист жана коомдук ишмер, Экинчи даражадагы "Манас" орденинин ээси (2016), "Эмгек Баатыры" даражасынын ээси (2024) Кеңеш Жусупов 13-мартта дүйнө салды.
Маркум 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусундагы Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районуна) караштуу Он-Арча айыл өкмөтүнө кирген Эчки-Башы айылында төрөлгөн.
Кеңеш Жусупов 1954-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, өтпөй калат. Эки жыл «Коммунизм» колхозунда колхозчу, китепканачы, комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеген.
1956-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил жана адабият факультетине кабыл алынган.
1958-жылы аңгемеси "Ленинчил жашка" чыккандан тартып прозалык чыгармалары мезгилдүү басма сөздө ырааттуу жарыялана баштаган.
Ал Нарын шаарындагы Тянь-Шань облустук гезитинде, «Кыргызстан» басмасында, «Кыргызфильм» киностудиясындагы сценарий бөлүмүндө түрдүү кызматтарда, «Ала-Тоо» журналында башкы редактор болуп иштеген.
Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен чогуу «Манас» эпосун проза түрүндө жазган.
Проза түрүндө балдар үчүн жазылган «Манас» эпосунун автору.
1991–2012-жылдары «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк Каныбек Иманалиев менен чогуу 10 томго, 14 томдукка жана 40 томдукка жеткирген.
Залкар жазуучу «Жашоо кумары», «Ыр сабындагы өмүр», «Карагайчылар» жана башка чыгармалары менен таанымал.