ИИМдин Талас ОИИБдин тескемесинин талаптарын аткаруу максатында, Талас облусунун аймагында 2026-жылдын 13-мартынан 15-мартына чейин «Мал уурулук» аталышындагы рейддик иш-чарасы уюштурулган.
Иш-чаранын алкагында, Талас ОИИБдин жана Айтматов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан, Талас облусунун аймагындагы бир нече мал уурулук кылмыштарын жасоого шектелип, издөөдө жүргөн Айтматов районунун 1981-ж.т. тургуну Т.Н кармалды.
Издөөдө жүргөн кылмышкер Т.Нга карата кызматкерлер өздүк кароо жүргүзгөн учурда, жанынан эки уюлдук телефон, бир бычак, бир адам сөлөкөтүндөгү бет кап, бир мурч балону, кара түстөгү баштык жана 2 миң 20 сом акча каражаты табылган.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 2-февралында кылмышкер Т.Нга карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышкердин жүргөн жери анык болбогондуктан издөө жарыяланган.
Азыркы учурда кылмышкер Т.Н. Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
