Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды
Новость

Бүгүн, 15-мартта “Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры”,  Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы  мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды. Узатуу зыйнатына бир катар маданият ишмерлери, маркумдун замандаштары жана жакындары катышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат, жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев көңүл айтып, Кеңеш Жусупов “Манас” дүйнөсүн даңазалаган, өз элинин тагдырын, тарыхын, доордун үнүн, адам баласынын аруу сезимдерин калем менен сүйлөткөн, рухту сөзгө айланткан инсан болгонун белгилешсе, замандаштарынын атынан сөз сүйлөгөн академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз эл акыны Асан Жыкшылыков, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Кытайлык кыргыз илимпозу, профессор  Макелек Өмүрбай Кеңеш Жусуповду маданият ишмерлеринин арасында өзүнүн кичипейил, сыпайы мүнөзү менен мээнкеткеч инсан катары өзгөчө сый-урматка ээ болгонун, жаш акын-жазуучулардын көбү аны устат деп аздектеп урматташарына токтолуп, анын чыгармачылык сапатын гана эмес, адамдык касиеттерин айтып өтүштү. 

Бүтүндөй өмүрүн улуттук маданияттын жана адабияттын өнүгүшүнө арнаган Кеңеш Жусуповдун эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, II даражадагы “Манас” ордени, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”, “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражалары ыйгарылган. Эл аралык Түрксой уюмунун алтын медалы, бир топ эл аралык сыйлыктардын ээси болгон.

Чыгармачылык жолунда алгачкы “Түш” аттуу аңгемеси “Ленинчил жаш” гезитине 1958-жылы жарыяланса, тунгуч китеби 1965-жылы “Жашоо кумары” деген ат менен жарык көрүп, окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, 1966-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Ага удаа “Каралдым тоолор”, “Жүрөгүм менин тоолордо”, “Ыр сабындагы өмүр”, “Күлгүн курак”, “Тоолуктар баяны” аттуу китептери басылып чыгып, окурмандарга өз үнү, өзгөчө изи бар калемгер катары таанылган. 

1975-жылы залкар акын Алыкулдун улуу сүйүүсүн, инсандык терең кайгысын, калемгердик эрдигин чагылдырган “Ыр сабындагы өмүр” китеби Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Ошол эле жылы “Лесорубы” (“Карагайчылар”) аталышындагы аңгеме, повесттер жыйнагы Москвадан орус тилинде жарык көргөн. 

Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен бирге “Манас” эпосунун кара сөз вариантын жазган. Кыргыздын этнографиясы, маданияты, тарыхы, оозеки жана жазма адабияты камтылган кырк томдук  “Кыргыздар” аттуу фундаменталдык эмгектин демилгечиси жана түзүүчүсү.

Жазуучунун көптөгөн көркөм чыгармалары түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб, француз тилдерине которулган.
“Кыргыздар” китеби улуттук адабиятындагы өзгөчө мааниге ээ болгон руханий мурас.  Балдар үчүн жазылган кара сөз түрүндөгү “Манас” китеби келечек муун үчүн чоң табылга.

Улут сыймыгы, жазуучу жана агартуучу Кеңеш Жусуповдун элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.