Стамбулда жашаган мекендештер үчүн ыйык Рамазан айына карата ооз ачуу уюштурулду
Новость

Кечээ, Стамбул шаарында жашаган кыргызстандык мекендештер үчүн ыйык Рамазан айына карата ооз ачуу уюштурулду. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстандын белгилүү дин ишмери Абдишүкүр ажы Нарматов жана Стамбул шаарында жана ага жакын аймактарда жашаган мекендештер катышты. 

 Белгилей кетсек иш-чара Президенттин «Уңгү жол» доктринасынын алкагында, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү, алардын байланыштарын чыңдоо жана туризм тармагын өнүктүрүү максатында уюштурулду. 

Учурда Стамбул шаарында Кыргызстандын 12 миңден ашуун жараны жашайт. Бул эки өлкө — Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелери жогорку деңгээлде экенин көрсөтөт.