Суучулдар көлдүн түбүнөн 600 метр узундуктагы балык уулоочу торду алып чыгышты
Новость

Ысык-Көл - Кыргызстандын бермети болуп, көгүлтүр суусу жана кооз жаратылышы менен туристтерди өзүнө тартып келет. Аны таза сактап, кийинки муунга мурас катары калтыруу - ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Буга басым жасаган Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын март айынан тарта Ысык-Көлдү торлордон, таштандылардан арылтуу тапшырмасын берип, ал тургай өзү да тазалоо иштерине катышкан. Анда мамлекет башчы суучулдар бир канча айдан бери мээнет кылып, бир сыйра тазалап чыгып, көлгө кайра киришсе, дагы жаңы торлорду таап чыгып жатышканына нааразы болуп, бул - көлгө болгон кара мүртөздүк катары сыпаттаган. 

Андан бери дээрлик 3 жыл өттү. Ысык-Көлдү тордон жана таштандыдан тазалоо иштери бүгүн дагы токтой элек. 15-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы суучулдарды көлдүн түбүнөн 600 метр узундуктагы балык уулоочу тор жана 40 килограмм таштанды чыгарышты. 

Маалымат боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкө аймагы боюнча суучулдары окууга келип, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында атайын шаймандарды колдонуу менен тажрыйбасын кагазда жана иш жүзүндө жогорулатууда. Анда суучулдар 12 метр тереңдикке чейин көл түбүнө түшүп, ар кандай куткаруу иштерин жүргүзүүдөгү ыкмаларды өздөштүрүүдө.