Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдугуна Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Татарстан Республикасы боюнча башкы башкармалыгынан маалымат түшкөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 15-мартында Альметьевск району аймагында Набережные Челны - Альметьевск автожолунун 81-чакырымында КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Kia Carnival жеңил унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандары К.А.К., 1986-жылы туулган (айдоочу) жана Ш.А.Р., 1987-жылы туулган (жүргүнчү) окуя болгон жерде каза болушкан. Маркумдардын сөөгү Альметьевск шаарындагы моргго жеткирилген.
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып, каза болгондордун туугандары аныкталууда.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө экендиги маалымдалды.