Быйыл айт намазы республика боюнча мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Эскерте кетсек, Орозо айын жыйынтыктаган Айт - 20-мартта белгиленет. Намаз саат 7:30да башталат, куран окулуп, баяндар айтылат. Муфтият тоолуу аймактарда убакыттан бир аз айырма болушуна уруксат берилерин кошумчалады.
Ал эми, Кадыр түн бүгүн түндө, тактап айтканда 17-мартка караган түнү белгиленет. Кадыр түн - бул Орозо айынын акыркы он түнүнүн бири. Ал 1 жылда бир гана жолу келип, анын баалуулугy 83 жылга тете. Ошондуктан бул түндүн маани-маңызы жөнүндө же болбосо актуалдуу диний темаларда илимпоздордун, аалымдардын катышуусунда уюштурулган жыйналыштарга катышуу ашыкча болбойт.
Анткени мындай жолугушуулар адамдын өзүн-өзү сындан өткөрүүсүнө, жаңылыштык, каталыктарды кайрадан таанууга, кемчиликтерди жоюуга, айрыкча боордоштук карым-катышты, достукту, ынтымак-ырашкерликти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.