Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
Новость

Бишкек шаарында 2026-жылдын 17-мартынан 19-мартына чейин жолду оңдоо иштерине байланыштуу Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилишинде унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Аталган күндөрү Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши унаалар үчүн толугу менен жабылат. Интергельпо көчөсүнүн батыш тарабы да толук жабылат, ал эми чыгыш тарабы убактылуу бир тараптуу кыймыл режиминде иштейт.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Жол оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.