Стамбулда мекендештер үчүн ооз ачуу иш-чарасы уюштурулду
Новость

15-мартта Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу консулдук округда жашаган мекендештер үчүн ооз ачуу (ифтар) иш-чарасын уюштурду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстандын белгилүү диний ишмери Абдишүкүр ажы Нарматов, Taşyapı Şişli Etkinlik Alanı (Ташяпы Шишли Эткинлик Аланы) жайынын директорлор кеңешинин төрагасы Эмруллах Туранлы жана Стамбул шаары менен ага жакын аймактарда жашаган мекендештер катышты.

Иш-чараны ачкан Башкы консул Чыңгыз Токтобеков кадырлуу меймандарды жана мекендештерди ыйык Рамазан айы менен куттуктап, мындай жолугушуулардын негизги максаты чет өлкөдө жүргөн мекендештердин башын бириктирүү, өз ара байланышты бекемдөө, ошондой эле биримдикти, ынтымакты жана боордоштукту чыңдоо экенин белгиледи.

Кеченин жүрүшүндө атайын Кыргызстандан чакырылган диний ишмер Абдишүкүр ажы Нарматов мекендештерди Рамазан айы менен куттуктап, анын мааниси жана руханий баалуулуктары тууралуу баян айтты.

Ооз ачуу иш-чарасына жалпы 600дөн ашык мекендешибиз катышып, кечээ жылуу жана достук маанайда өттү.