Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Мурдагы эл өкүлү 16-мартта арыз жазып, БШК жыйынында арызды канааттандырган. Ал №29 округдан шайланган болчу.
Белгилей кетсек, акыркы бир ай ичинде өз ыктыяры менен 8 депутат мандатын тапшырды.