Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторду Нооруз майрамын бирге белгилөөгө чакырды.
Маалыматка ылайык, 21-мартта "Ала-Тоо" аянтында чоң майрамдык иш-чара өтөт. Программа саат 11:00дөн 22:00гө чейин уланат.
Майрамдын алкагында аянтта «Ордо» аттуу этномаданий боз үйлөр тигилип, ар түрдүү этностордун өкүлдөрү өздөрүнүн каада-салты, маданияты жана меймандостугу менен тааныштырат.
Ошондой эле улуттук оюндар жана спорттук мелдештер үчүн атайын аянтча уюштурулуп, каалоочулар мелдештерге катыша алышат.
Мындан тышкары кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өтүп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген усталар зер буюмдарды, кийиз жана килемдерди, сувенирлерди жана башка кол эмгектерин сунушташат.
Майрамдык программа кыргыз эстрада жылдыздары жана чыгармачыл жамааттар катышкан чоң концерт менен жыйынтыкталат.