Бишкекте машыктыруучулардын 2026-жылдагы курултайы башталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Иш-чарада улуттук курама командалардын машыктыруучулары жана эл аралык адистер баяндама жасап, панелдик талкуулар өтүүдө. Анда жаш оюнчуларды даярдоо системасы, таланттарды өнүктүрүү жана улуттук курама командаларга оюнчуларды тандоо маселелери каралууда.
Курултайга КФБнын жетекчилери, улуттук курама командалардын машыктыруучулары жана өлкөнүн бардык аймактарынан 300дөн ашуун адистер катышууда. Учурда Кыргызстанда 1339 футбол машыктыруучусу иш алып барууда.