Индонезиянын Суматра аралындагы Марапи вулканы атылып, абага ири көлөмдө күл чыгарды. Күлдүн бийиктиги деңиз деңгээлинен 4 491 метрге жеткени маалымдалды.
Адистер жергиликтүү тургундарды сак болууга чакырып, вулкандын айланасында лавалык агымдар жана ысык күл булуттары пайда болушу мүмкүн экенин эскертишти.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын декабрында бул вулкандын атылышы 22 адамдын өмүрүн алган. Индонезия “Оттуу шакек” зонасында жайгашкандыктан, мындай табигый кырсыктар бул аймакта көп катталат.