2026-жылдын 21-мартында Бишкек шаарынын райондорунда жаз майрамы Ноорузга арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Свердлов районунда майрам Карагач токоюнда саат 12:00дөн 16:00гө чейин өтөт. Бул жерде улуттук боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин салттары жана турмушу көрсөтүлөт. Чыгармачыл жамааттар менен диаспоралардын катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, спорттук мелдештер, элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана улуттук тамак-аштардын жарманкеси өткөрүлөт.
Октябрь районунда майрамдык программа Ынтымак-2 паркында уюштурулат. Майрамдык концерт "Шайыр Балалык" балдардын чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын коштоосунда өтөт. Ошондой эле улуттук жана спорттук оюндар — шахмат, аркан тартыш, тогуз коргоол, дартс, эстафета, футбол жана волейбол уюштурулат. Мындан тышкары, чыгармачылык мастер-класстар, көргөзмөлөр жана балдар менен чоңдор үчүн көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат.
Ленин районунда иш-чаралар Газпром — балдарга спорт комплекси аймагында саат 14:00дөн башталат. Бул жерде концерттер, улуттук каада-салттарды көрсөтүү, боз үйлөрдөн турган этно-шаарча, тематикалык көргөзмөлөр жана мастер-класстар өтөт. Ошондой эле Ашар паркында саат 15:00дө боз үйлөр тигилип, этно-фуршет, спорттук оюндар жана маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.
Майрамдык иш-чара Биринчи Май районундагы Ак-Босого конушунда да өтөт. Анда салттуу боз үйлөр тигилип, элдик оюндар уюштурулат, каада-салттар көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланат. Ошондой эле келген конокторго улуттук тамак-аштар сунушталып, жаздын жаңылануусун жана меймандостукту чагылдырган майрамдык маанай жаралат.
Мэрия шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун Нооруз майрамына арналган иш-чараларга чакырат.