"Дордой” базарында эмне өзгөрөт?
Новость

“Дордой” базарынын инфратүзүмү жакшыртылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, базардын аймагында көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу, аймакты көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда.  Ошондой эле көлмөнүн айланасын тосуп, сейилдөө үчүн атайын жөө жүрүүчү аймак түзүү пландалууда.

Мындан тышкары, мэр базардын аймагындагы бардык унаа токтотуучу жайларды кайрадан мэрияга өткөрүп, төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүү системасын киргизүүнү тапшырды.