Мыйзамсыз берилген мүлк ачыкка чыкты
Новость

Ысык-Көлдө 500 миллион сомдон ашык кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Облустук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кырчын капчыгайында жайгашкан “Кырчын” турбазасынын мүлктүк комплекси 1997-жылы жеке жана юридикалык жактарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Натыйжада жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн “Кырчын” турбазасынын мүлктүк комплекси жана ага тийиштүү болгон 11 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.