Бишкек: Майыптыгы бар балдар үчүн 250 орундуу бала бакчанын курулушу башталды
Новость

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Үмүт чырагы” аттуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Анын пайдубалына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мезгил кутусун салды.

Долбоор боюнча бала бакча 250 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу заманбап имарат болуп курулат. Жалпы аянты 3 570 чарчы метрди түзүп, 93 сотых жер тилкесинде жайгашат. Имарат толугу менен өзгөчө муктаждыгы бар балдарга ылайыкташтырылат.

Ичинде балдар үчүн топтук бөлмөлөр, ашкана, гимнастика жана музыкалык залдар каралган. Курулуш иштерин ARTWIN компаниясы жүргүзүп, долбоордун жалпы баасы болжол менен 4 млн долларды түзөт.

Бул объект балдарга сапаттуу билим жана кам көрүү шарттарын түзүүгө багытталган.