Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ош шаарындагы бардык курулуш объекттери толугу менен бүткөрүлөт.
Бүгүн, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаарда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, 14-марттагы жыйында көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат беришти.
Министр белгилегендей, шаардагы курулуш маселелери эки этап менен каралат: курулушу аяктаган 9 объект боюнча атайын комиссиянын корутундусуна ылайык каражат бөлүнөт, ал эми курулушу башталып, токтоп калган 24 объект министрликтин карамагына өткөрүлүп, мыйзам чегинде иштер улантылат.
Ошондой эле өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, Ош шаарында башталган курулуштардын бири да токтотулбай, мыйзамдуу негизде сапаттуу бүткөрүлүшү камсыздалары белгиленди. Ишкерлердин чыгымдары жана курулуш иштерине керектелүүчү каражаттар республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан каржыланат.
Жолугушуудан кийин министр жана шаар мэри курулуш объекттерин кыдырышты. Нурдан Орунтаев ишкерлерди кабатыр болбостон курулуш иштерин активдүү улантууга чакырып, мамлекет тарабынан керектүү каражаттар бөлүнөрүн билдирди. Ошондой эле ар бир объект боюнча келишимдер мыйзамдуу негизде түзүлүп, министрликтин көзөмөлүндө аткарылары баса белгиленди.

