Кечээ, 17-март Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев маданият мекемелерине 117 автоунаа тапшырды.
Автоунааларды тапшыруу аземинде МинКаб башчысы маданият чөйрөсүн каржылоонун көлөмү жыл сайын туруктуу өсүп, тармактын бюджети 2021-жылы 2,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 6,9 млрд сомго чейин көбөйүп, акыркы беш жыл ичинде каржылоо дээрлик 2,5 эсеге өскөнүн белгиледи. Ал эми былтыркы жылы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 851 млн сом бөлүнсө, быйыл тапшырылып жаткан унаалар ата мекендик өндүрүштөн 176,9 млн сомго сатып алынгандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев экономиканын өнүгүүсүнө жараша жылдан жылга республикалык бюджеттен каржылоо көбөйөөрүн билдирип, ошону менен бирге маданият мекемелери да рентабелдүү болууга, каржылоого өз салымын көбүрөөк кошууга аракет жасоосу керектигин кошумчалап, Маданият, маалымат жана жаштар иштери министрлигинин алдына бир катар тапшырмаларды койду.





