Астана шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
100 жылдыктын алкагында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы Казакстандын Астана шаарындагы Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзиклин жана “Жамийла” мюзиклин казак коомчулугуна жана мекендештерге тартуулоодо.
Аталган маданий иш-чара Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, ошондой эле КР Президентинин «Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде уюштурулууда.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министри Нурбек Саясат, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, залкар жазуучу Айтматовдун уулу Элдар Айтматов, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министринин орун басары Айбек Сыдыков, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев жана боордош элдин маданият ишмерлери жана калың эл катышты.






