Бишкек: Мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейд жүрүүдө
Новость

Бишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына каршы рейд башталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти. 

Аталган иш-чаралар жол кырсыктарын азайтуу жана коопсуздукту күчөтүү максатында уюштурулду.

Кайгуул кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол эрежелерин сактоого чакырууда. Ошондой эле техникалык талаптарга өзгөчө көңүл бурулуп, талапка жооп бербеген же документтери жок айдоочуларга протоколдор түзүлүүдө.

Мындан улам Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана коопсуздук каражаттарын колдонууга чакырат.